Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 10.04.2018 19:28

Караколдо операция жолу менен төрөгөн 31 жаштагы аял ымыркайы менен каза болду

Turmush -  Каракол шаарында операция жолу менен төрөгөн эне жана ымыркайы менен каза болду. Бул тууралуу АКИpress агенттигине каза болгон аялдын жолдошу Нурбек Касымбаев билдирди.

Анын айтымында, ал 20-декабрда 31 жаштагы аялы Марина Тапаеваны Каракол шаардык төрөт үйүнө алып келген.

«Эртең менен биз келгенде дарыгер жок болчу. Аялымды дароо жаткырышты. Мен анын жанында болдум, палата суук болгондуктан жууркан жана жылуу кийим алып келүүгө үйгө кеткем», - деди Н.Касымбаев.

Болжол менен саат 11:00дө ал ооруканага кайтып келгенде аялын кайра жандандыруу бөлүмүнөн тапкан.

«Мен үйгө барып келгичекти дарыгерлер уруксаты жок аялыма операция жасашыптыр. Аны капельницага жаткырып коюшкан экен. Дарыгерлер бала чарчап калганын айтышты. Аялым реанимацияда 2 күн жатып, башкы дарыгер эч жардам бере албай турганын айтып, Бишкек шаарына жөнөттү», - деди жолдошу.

22-декабрда тез жардам унаасы менен аны Караколдон Бишкектеги Улуттук госпиталга алып келишкен.

«Аялым реанимацияда 41 күн жаткандан кийин каза болуп калды. Бул факт боюнча кылмыш иши козголгон, бирок операция кылган акушер азыркы кезге чейин патология бөлүмүндө иштеп жатат. Дарыгерлер аялымдын эки бөйрөгү төрөт учурунда иштебей калгандыктан операция кылышканын айтышты. Аялым кош бойлуу учурунда дайыма дарыгерлерге көрүнүп турчу, бөйрөктөрү ооруган эмес», - деди Н.Касымбаев.

Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинен учурда аял менен ымыркайдын өлүмүнүн себептерин аныктоо боюнча республикалык деңгээлде текшерүү жүрүп жатканын билдиришти.

«Баардык документтер анализделип, республикалык масштабда каралып жатат. Биз тараптан бул факт иликтенет: кайсыл этапта ката кеткени, эне менен ымыркайдын өлүмүнө эмне себеп болгону изилденет», - деп билдирди өлкөнүн башкы гинекологу Раиса Асылбашева.

Марина Тапаеванын 3 баласы калды. Алардын улуусу 10 жашта болсо, эң кичүүсү 3 жашта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×