Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 10.04.2018 18:38

Караколдук шахматчылар облустук спартакиаданы жеңип, республикалык турга жолдомо алышты (тизме)

Turmush -  Каракол шаарынын шахматчылары Ысык-Көл облустук спартакиаданын жеңүүчүлөрү болушту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Каракол шаарында өткөн мектеп окуучуларынын облустук спартакиадасында «Каракол шахмат» клубунун оюнчулары 1-орунду ээлешти. Жеңүүчүлөр облустук балдар жана өспүрүмдөрдүн спорт мектебинин биринчи даражадагы диплому жана медалдары менен сыйланышты.

«Каракол шахмат» клубунун машыктыруучусу Азамат Токтокожоевдин айтымында, 5 окуучу Ысык-Көл облустук курама командасынын курамында республикалык мелдеште облустун намысын коргошот.

Жеңишке жеткен шахматчылардын тизмеси:

- Атайбеков Айбек;

- Жакшылыков Эржан;

- Идрисов Назиб;

- Бектурсунов Нурсултан;

- Малайканова Айгүл;

- Токтокожоева Алтынай;

- Алтынбек кызы Асель.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×