Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 10.04.2018 16:22

Караколдо өзгөчө кырдаал учурунда ыкчам чара көрүү боюнча «Коопсуздук-2018» окуусу өтүүдө (фото)

Turmush -  Бүгүн, 10-апрелде Каракол шаарында «Коопсуздук-2018» аталыштагы команда-штабдык жана мобилизациялоо окуусу башталды, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Мэр Данияр Арпачиевдин айтымында, анда алгачкылардан болуп 83 адамдын катышуусунда резервдик рота түзүлдү.

Резервдик ротанын биринчи курамы, даярдыгы менен КРнын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын башчысы Раимберди Дүйшөнбиев жана өкмөттүн облустагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев таанышты.

«Окууга Куралдуу күчтөрдүн башкы штабы, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, ИИМ, УКМК, өкүлчүлүк, шаардык мэрия тартылды. Окуудан кийин практикалык иштер да көрсөтүлөт. Окуунун алкагында шаардык мэрияны кайтаруу, шаарга кирип-чыккан унааларды текшерүү үчүн блок посттор орнотулду», - дейт мэр.

12-апрелге чейин уланган окууда шаарда өзгөчө кырдаал учуру чагылдырылат.

«Окуунун жүрүшүндө химиялык элементтин жарылуусунда, жугуштуу оорунун чыгуусунда же катуу жер титирөөдө, башаламандык болгон учурда башкы штаб эмне кылуусу керектиги көрсөтүлөт. Анда шаардагы 11 кызматтын иштөөсү, качкындарды жайгаштыруу, стратегиялык объектилерди кайтаруу сыяктуу иштер жасалат», - деди шаар башчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×