Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 10.04.2018 08:25 На русском

Интернеттеги таанышуудан кийин Түркияга кетип изделип жаткан келин Караколго кайтып келди

Turmush -  Социалдык тармактагы таанышуудан кийин Түркияга кетип, изделип жаткан Каракол шаарынын 36 жаштагы тургуну Жаркын Самакова өз үйүнө кайтып келди. Бул тууралуу анын апасы Бегайым Осмонбекова билдирди.

Анын айтымында, кызы 31-апрель күнү соцтармак аркылуу таанышкан адамга баруу үчүн Түркияга учуп кеткен бойдон үйдөгүлөрү менен байланышкан эмес. Кызы кечээ, 9-апрелде саат 16:00 чамаларында Кыргызстанга кайтып келди.

«Кызым аман-эсен экен. Эч жери жабыркабай келди. Силердин маалымат каржажатыңарга рахмат. Азыр кызым чарчап келди. Ал жакта кандай окуяга дуушар болгонун кенен отуруп сүйлөшө элекмин. Бирок мага кызымдын дени сак келгени барынан артык. Азыр ал үй-бүлөсү менен бирге», - деди ал.

Табылган Ж.Самакова

ки

Окуя тууралуу:

Буга чейин 2-апрелде Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын тургуну Бегайым Осмонбекова Түркияга кетип дайынсыз болгон 36 жаштагы кызын издеп жаткандыгы кабарланган.

Апасынын айтымында, 1983-жылы туулган кызы Жаркын Самакова эч кимге айтпай 31-мартта Түркияга учуп кеткен бойдон үй-бүлөсү менен байланыша элек болчу.

«Мен Каракол шаарындагы окуу жайлардын биринде ашпозчу болуп иштейм. Ишке кеткен учурда кызым кийим, сумкаларын алып, үйдөн чыгып кетип калыптыр. Ал мурдатан эле даяр болуп, кийимдерине чейин салып койгон экен. Мен үйгө келсем коңшуналарым: «Кызыңыз сумкаларын көтөрүп чыгып кетти» дешти. Мен ошондо эле жүрөгүм сезип, кабатыр болуп, бардык тармактарга кайрыла баштадым. Акырында Кыргызстандагы Түркиянын элчилигине кайрылганымда кызым Жаркын Самакова 31-мартта саат 05:00 чамасында «Манас» эл аралык аэропортунан Стамбулга учуп кеткенин билдим.

Буга чейин кызым Анкарада иштеп жүргөн Elman Baxcveliyeu аттуу Азербайжандын жараны менен социалдык тармактар аркылуу байланышып жүргөн. Мен ага кызымды алдаба деп айткам, ал: «Кызыңды көрбөй каласың» деген эле. Мен аны менен сүйлөшпө дегениме карабай кызым алданып кетип калды. Эми укук коргоо органдарынын кызматкерлери жардам берсе жакшы болмок. Кызымдын 2 баласы, жолдошу бар. Бирок анын чет өлкөдө иштөө максаты бар эле. Кызым ошол жаран менен Анкарага кетиши мүмкүн, анткени ал Анкарада иштейм деп жүргөн», - деген Осмонбекова.

Андан кийин:

Изделип жаткан келин 6-апрелде Анкарадан табылгандыгы маалымдалган.

Бегайым Осмонбекованын айтымында, кызынын табылгандыгы тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинен билдиришкен.

«Ысык-Көлдөн Стамбулга алданып кеткен 36 жаштагы кызымды таптым. Мага элчиликтен кабар беришип, андан соң кызымды алдап алып кеткен киши менен да сүйлөштүм. Баланын түйшүгү ушундай экен. Ал табылганча 5 күн уктабай, бир жыгылып турдум. Бул арада ар тараптан адамдар чалып, өздөрүнүн ушул сыяктуу окуяларын айтып берип жатты. Аларды угуп алып терең кайгыга баттым. Жалпыга маалымдоо каражаттарына жана укук коргоо органдарына кайрылгандан кийин жыйынтык чыгып, кызымды таптым. Учурда кызым алдап алып кеткен кишинин колунда экен. Ал мага жана Түркиядагы консулдукка чалып, "кызыңызды базар күнү кайра жөнөтүп жиберем" деди. Ал укук коргоо органдарына жазган арызымды алып коюуну суранды. Арызды кызым менин жаныма келгенден кийин гана алам. Мага кызым эле керек, сенден эч нерсе талап кылбайм деп айттым.

Азербайжандык жаран орус тилинде так сүйлөйт экен. Ал буга чейин эле Түркияга барып иштеген мигранттарды тосуп алып, ар кандай жумуштарга таратып иштейт экен. Бөтөн жерде эмне иш кылып, кызымды кандай жерде кармап жатканы белгисиз. Кызымды 2 баласы, күйөөсү, туугандары чыдамсыздык менен күтүп жатат», - деген Б.Осмонбекова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×