Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 06.04.2018 16:10

Караколдун делегациясы Орозо айында Түркияга барат

Turmush -  Каракол шаарынан атайын делегация Орозо айында Түркияга барышат. Бул тууралуу Каракол шаардык кеңешинин төрагасы Эрлан Айсаракунов билдирди.

Анын айтымында, Түркияга барган делегация бир нече иш боюнча келишим түзүшөт.

«16-майда атайын делегация Түркиянын Анкара шаарына барат. Анкаранын Кичи-Өрөөн муниципалитети менен биздин достук мамилебиз бар. Буга чейин аталган өрөөндөн атайын делегация бизге келип кеткен. Алар өз кезегинде биздин делегацияны өз жерине чакырышкан. Орозо айында бизден бара турган делегацияга жергиликтүү бийликтин, архитектура кызматынын, ШИИБдин өкүлдөрү, депутаттар жана бийчи топ кирди. Жолугушууда коопсуз шаар боюнча жергиликтүү бийлик шаардын 150 жылдыгына карата гүл бакчанын реконструкциясы боюнча келишимдерди түзүп келишет. Ошондой эле, ал жерде кыргыз маданиятынын күндөрү да өтмөкчү», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×