Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 06.04.2018 15:19

Ысык-Көлдө дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди (фото)

Turmush -  Каракол шаарындагы К.Жантөшев атындагы музыкалык драма театрында дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Анда облуста спорттун өнүгүшүнө, дени сак калкты тарбиялоого салым кошкон кызматкерлер сыйланды. 27 мугалим Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиктин ардак грамотасы, 7 адам өкүлчүлүктүн, 7 кызматкер Каракол шаардык мэриянын жана акимиаттын ардак грамотасы менен сыйланышты.

Спортчуларды өкүлдүн орун басары Э.Усенова жана Каракол шаарынын мэри Д.Арпачиев куттуктап, былтыркыга салыштырмалуу быйыл спортчулар мелдештерде 30 медалга көп алганын айтышты.

«Биз 2017-жылдын жыйынтыгын чыгарып жатабыз. Былтыркы жыл спорт тармагы үчүн ийгиликтин жылы болду, бир нече чемпиондор чыкты. Ошондой эле Бостери стадиону, Бөкөнбаев спорт комплекси, Каракол шаарында 2 кичи футбол аянтча, Чолпон-Ата шаарында спорт комплекс, Жети-Өгүз айылында спорт ордо ишке берилди», - дейт облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиктин башчысы Тилекмат Абдрахманов.

Былтыр облуста 82 спорттук иш-чара уюшулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×