Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-апрель
Ысык-Көл

Түптүк окуучулар тогуз коргоол жана ордо боюнча мелдеште байгелүү орундарды алышты (фото)

Turmush -  Кечээ, 5-апрелде Каракол шаарында мектеп окуучулары арасында кезектеги манасиада спорттук мелдеши башталды. Окуучулар бул мелдеште спорттун 15 түрү боюнча күч сынашып жатат.

Тогуз коргоол боюнча машыктыруучу Канат Кендирбаевдин айтымында, мелдештин алгачкы күнү Түп районунун тогуз коргоол жана ордо оюндары боюнча командасы үчүн жемиштүү болду.

«Түп районунун тогуз коргоол жана ордо боюнча командасы байгелүү орундарды алышты. Тогуз коргоол боюнча М.Элебаев атындагы орто мектептин 7 окуучусу (4 эркек, 3 кыз) жана Бирлик орто мектебинин командасы командалык эсеп боюнча 1-орунду алып, май айында өтө турган республикалык мелдешке жолдомо алышты. Ошондой эле тогуз коргоол боюнча 1-орунду ээлеген эки команданын оюнчулары үстүбүздөгү жылы Моңголияда өтө турган Азия чемпионатына жолдомо алды. Жалпы командалык мелдеште 2-орунга Жети-Өгүз районунун оюнчулары, 3-орунга балдар арасында Балыкчы шаарынын, кыздар арасында Ак-Суу районунун оюнчулары татыктуу болду. Ордо боюнча 1-орунду Түп районундагы М.Элебаев атындагы орто мектептен барган оюнчулар багындырып, 2-орунду Тоң району, ал эми 3-орунду Каракол шаарынын ордочулары ээледи», - деди ал.

К.Кендирбаев тогуз коргоол боюнча КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу. Ал Талды-Суу айылындагы М.Элебаев атындагы мектепте дене тарбия сабагынан мугалим болуп эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 494
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×