Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 06.04.2018 09:21 На русском

Соцтармактагы таанышуудан кийин Түркияга кетип, изделип жаткан 36 жаштагы келин табылды

Turmush -  Каракол шаарынын тургуну Бегайым Осмонбекованын Түркияга кетип дайынсыз болуп жаткан 36 жаштагы кызы Анкара шаарында табылды.

Бегайым Осмонбекованын айтымында, кызынын табылгандыгы тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинен билдиришкен.

«Ысык-Көлдөн Стамбулга алданып кеткен 36 жаштагы кызымды таптым. Мага элчиликтен кабар беришип, андан соң кызымды алдап алып кеткен киши менен да сүйлөштүм. Баланын түйшүгү ушундай экен. Ал табылганча 5 күн уктабай, бир жыгылып турдум. Бул арада ар тараптан адамдар чалып, өздөрүнүн ушул сыяктуу окуяларын айтып берип жатты. Аларды угуп алып терең кайгыга баттым. Жалпыга маалымдоо каражаттарына жана укук коргоо органдарына кайрылгандан кийин жыйынтык чыгып, кызымды таптым. Учурда кызым алдап алып кеткен кишинин колунда экен. Ал мага жана Түркиядагы консулдукка чалып, "кызыңызды базар күнү кайра жөнөтүп жиберем" деди. Ал укук коргоо органдарына жазган арызымды алып коюуну суранды. Арызды кызым менин жаныма келгенден кийин гана алам. Мага кызым эле керек, сенден эч нерсе талап кылбайм деп айттым.

Азербайжандык жаран орус тилинде так сүйлөйт экен. Ал буга чейин эле Түркияга барып иштеген мигранттарды тосуп алып, ар кандай жумуштарга таратып иштейт экен. Бөтөн жерде эмне иш кылып, кызымды кандай жерде кармап жатканы белгисиз. Кызымды 2 баласы, күйөөсү, туугандары чыдамсыздык менен күтүп жатат», - деди Б.Осмонбекова.

Окуя тууралуу:

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын тургуну Бегайым Осмонбекова Түркияга кетип, дайынсыз болгон 36 жаштагы кызын издеп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Б.Осмонбекованын айтымында, 1983-жылы туулган кызы Жаркын Самакова эч кимге айтпай, 31-мартта Түркияга учуп кеткен бойдон үй-бүлөсү менен байланыша элек.

«Мен Каракол шаарындагы окуу жайлардын биринде ашпозчу болуп иштейм. Ишке кеткен учурда кызым кийим, сумкаларын алып, үйдөн чыгып кетип калыптыр. Ал мурдатан эле даяр болуп, кийимдерине чейин салып койгон экен. Мен үйгө келсем коңшуналарым: «Кызыңыз сумкаларын көтөрүп чыгып кетти» дешти. Мен ошондо эле жүрөгүм сезип, кабатыр болуп, бардык тармактарга кайрыла баштадым. Акырында Кыргызстандагы Түркиянын элчилигине кайрылганымда кызым Жаркын Самакова 31-мартта саат 05:00 чамасында «Манас» эл аралык аэропортунан Стамбулга учуп кеткенин билдим.

Буга чейин кызым Анкарада иштеп жүргөн Elman Baxcveliyeu аттуу Азербайжандын жараны менен социалдык тармактар аркылуу байланышып жүргөн. Мен ага кызымды алдаба деп айткам, ал: «Кызыңды көрбөй каласың» деген эле. Мен аны менен сүйлөшпө дегениме карабай кызым алданып кетип калды. Эми укук коргоо органдарынын кызматкерлери жардам берсе жакшы болмок. Кызымдын 2 баласы, жолдошу бар. Бирок анын чет өлкөдө иштөө максаты бар эле. Кызым ошол жаран менен Анкарага кетиши мүмкүн, анткени ал Анкарада иштейм деп жүргөн», - дейт Б.Осмонбекова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×