Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-апрель
Ысык-Көл

«Ак ниет» бий тобунун кенже тайпасындагы кыздар республикалык сынакта жеңүүчү болду (фото)

Turmush -  Каракол шаарындагы «Ак ниет» бий тобунун кенже тайпасындагы кыздар Бишкекте өткөн «Бийчи борбор» республикалык сынагынын жеңүүчүсү болушту. Бул тууралуу аталган топтун жетекчиси Сайкал Асаналиева билдирди.

Анын айтымында, 5 жаштан 7 жашка чейинки кыздар сынакка «Мая жөнүндөгү уламыш» бийи менен катышып, 8 топтун ичинен 1-орунду ээледи. Алар кубок жана дипломдор менен сыйланышкан. Ал эми ушул эле сынакка катышкан 8-11 жаштагы кыздар «Андижан бийи» жана «Комуз деми» бийлери менен чыгып, 2-орунду багындырды.

«Ак ниет» бий студиясынын атынан «Бийчи борбор» республикалык сынагына 48 бийчи катышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 797
Көп окулду
×