Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 05.04.2018 16:37

Караколдо 2 миңдей кызга бий өнөрүн үйрөткөн «Көл бермети» тобу Москвадагы мекендештерге концерт тартуулайт (фото)

Turmush -  Каракол шаарындагы К.Жантөшев атындагы музыкалык драма театрында 13-апрель күнү «Көл бермети» бийчилер тобунун 15 жылдын отчеттук концерти болот. Бул тууралуу аталган топтун көркөм жетекчиси Света Абдыкадырова билдирди.

Анын айтымында, 15 жылдын ичинде аталган топто 2 миңге жакын кыз бий өнөрүн үйрөнгөн. «Учурда 200 кыз бий үйрөнүп жатат. 15 жылдык мааракеге карата Каракол шаарынан кийин Бишкектеги Улуттук драма театрда отчеттук концертибизди беребиз», - деди ал.

Бийчилер тобу бир нече сынактарда жеңүүчү аталып, Түркия, Белоруссия, Казакстан сыяктуу мамлекеттерге барышкан. Топтогу 30 бийчи 25-майда Москва шаарына барып, мекендештерине концерт тартуулашат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×