Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 05.04.2018 16:32

Караколдо кытай чатырчасын бузуу иштери башталды (фото)

Turmush -  Каракол шаарынын борбордук бакчасынын ортосунда жайгашкан кытай чатырчасын (беседка) демонтаждоо иштери башталды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, кытай беседкасы бузулуп, анын ордуна Арык Мырзанын эстелиги орнотулат. Эстеликтин бийиктиги 9,5 метр түзүп, ага болжол менен 5-6 млн сом жумшалат.

Арык Мырза 1600-жылдары Фергана, Анжиян жергесинен кыргыздарды Ысык-Көлдүн аймагына көчүрүп келген.

Буга чейин чатырчаны бузууга айрым активисттер каршылыгын билдирип жатышкан болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×