Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-апрель
Ысык-Көл

Караколдун жаш лыжачылары Казакстанда өткөн мелдеште байгелүү орундарды алышты (фото)

Turmush -  Караколдун жаш лыжачылары Казакстандагы мелдештен ийгиликтүү кайтышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Каракол шаардык балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин жетекчиси Жоомарт Жамангулов билдирди.

Анын айтымында, Казакстандын Алматы шаарындагы «Чимбулак» лыжа базасында 1-4-апрелде Казакстан Республикасынын ачык биринчилиги болду. Ага Каракол шаарынан 14 спортчу катышты. Алардын ичинен 7 спортчу алдыңкы орундарды камсыздашты. Анда 1-орунду А.Аляскаров, А.Иванова, А.Радченко алса, бир спортчу 2-орунду камсыздап, 3 спортчу 3-орунду багындырышты.

«Лыжанын слалом түрү боюнча мелдеш болду. Спортчулар 500 метрге жарышка түшүштү. Биздеги тоо лыжа мектеби балдардын талантын өстүрүүгө зор салым кошууда», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 511
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×