Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Ысык-Көл

Караколдон 7 дзюдочу Азиянын ачык кубогуна катышат (фото)

Turmush -  Өзбекстандын Ташкент шаарында 11-13-апрель күндөрү өтчү Азиянын ачык кубогуна Каракол шаарынан 3 кыз жана 4 бала катышат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга машыктыруучу Сабыр Аматов билдирди.

Анын айтымында, алар спорттун дзюдо түрүнөн барышат.

«Бул кубоктун мааниси зор. Ошондуктан балдарды мыкты даярдаганга аракет кылдык. Азия кубогун жеңгендер Аргентинанын борбору Буэнос-Айресте октябрь айында өтө турчу дүйнөлүк балдар олимпиадасына жолдомо алат. Биздин шаардан да 18 жашка чейинки спортчулар бул олимпиадага катышат деген тилегибиз бар. Азияга баруучулардын ичинен Шахида Нармухамедова жана Алек Петровичтерге ишеним зор. Алар буга чейин мыкты ийгиликтерди жарата алышкан», - деди С.Аматов.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1076
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×