Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Ысык-Көл

Караколдук дзюдочу кыздар Европанын кубогу үчүн өткөн ачык биринчиликке катышты (фото)

Turmush -  Каракол шаарынын дзюдочу кыздары Европанын кубогу үчүн болгон ачык биринчиликке катышып келишти. Бул тууралуу шаардык дзюдо боюнча клубунун машыктыруучусу Елена Исакова билдирди.

Анын айтымында, Каракол шаарындагы дзюдо боюнча клубунун кыздары Нармухамедова Шахида жана Молдокматова Айчүрөк Түркиянын Анталия шаарында өткөн Европанын кубогу үчүн болгон дзюдо боюнча ачык биринчиликке катышып келишти. Аталган мелдеште Нармухамедова Шахида бешинчи орунду алды. Ал эми Айчүрөк Молдокматова мелдештин жүрүшүндө көп упай топтой алган жок.

Дзюдочу кыздар Европанын кубогу үчүн ачык биринчиликке катышуу укугуна жаштар арасындагы Кыргызстандын чемпионатында биринчи орунду алганда ээ болушкан.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 718
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×