Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Ысык-Көл

Ысык-Көлдө 1,5 миң спортчунун катышуусунда облустук спартакиада өтүп жатат (фото)

Turmush -  Каракол шаарында Ысык-Көл облусунун окуучулар арасындагы спорт оюндары боюнча спартакиада башталды, деп билдирет аймактык кабарчы.

Спартакиаданын ачылыш аземине өкмөттүн облустагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Каракол шаарынын мэри Данияр Арпачиев жана облустун бардык аймактарынан келген спортчулар катышты.

Уюштуруучу Айбек Абдумомуновдун айтымында, спартакиада 3-апрелден 10-апрелге чейин уланмакчы. Ага ар бир райондон жеңип келген 1 миң 500 спортчу катышууда. Алар спорттун 15 түрү боюнча күч сынашат.

«Оюн 3 этап менен өтүп жатат. Биринчи этабы райондордо болгон. Эми облустан тандалган балдар 3-15-май күндөрү өтө турган республикалык спартакиадага жолдомо алат», - дейт ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 628
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×