Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-апрель
Ысык-Көл

Караколдо жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарындагы коррупцияны жоюу аракети көрүлүүдө

Turmush -  Каракол шаарында «Коомдук кеңештердин коомдогу орду» деген аталыштагы облустук конференция болуп, ага Жети-Өгүз, Ак-Суу, Түп райондорунун башчылары, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, айыл өкмөт башылары, айылдык кеңештин төрагалары, аялдар кеңешинин жана аксакалдар сотунун мүчөлөрү, жаштар катышты.

Конференциянын максаты «Коомдук кеңештер аркылуу жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын коррупцияга каршы иш-аракеттери» долбоору тууралуу маалымат берүү болуп саналат.

Долбоордун жетекчиси Бибигүл Бупебаеванын айтуусунда, долбоорду негизги максаты коомдук кеңештердин коомдогу ордун, баркын көтөрүү жана алар аркылуу жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарындагы жемкорлукка каршы туруу.

«Биз бул долбоорго аталган үч райондон көп улуттуу 6 айылды тандап алганбыз. Ошол айылдарда 7ден 15ке чейинки мүчөсү бар коомдук кеңештер түзүлүп, алар долбоордун алкагында билим алып, бюджетти бөлүштүрүү, коомдук угуу сыяктуу иштерге активдүү катышууга аракет кылабыз. Бул кичи кеңештер эл менен жергиликтүү бийликтин ортосундагы көпүрө болуусу кажет», - деди Б.Бупебаева.

Бул долбоор жай айларынын акырына чейин уланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 369
Көп окулду
×