Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-апрель
Ысык-Көл

Караколдун жаш бийчилери «Бийчи борбор» республикалык сынагында 3-орунду ээлешти (фото)

Turmush -  Каракол шаарынын жаш бийчилери «Бийчи борбор» аттуу республикалык сынакта 3-орунга ээ болушту. Бул тууралуу Каракол шаардык билим борборунун жетекчиси Салтанат Ташпаева билдирди.

Анын айтымында, сынак Бишкекте 30-марттан 2-апрелге чейин өтүп, ага Караколдон «Ак-Бийке» бийчилер тобу барган.

«Ал топто 100 кыз билим алат. Сынакка 11-12 жаштагы 8 кыз барды. Сынактын жыйынтыгында биздин кыздар байгелүү 3-орунга ээ болушту», - деди С.Ташпаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 319
Көп окулду
×