Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Ысык-Көл

Кемероводогу кырсыктан кийин Караколдогу эң чоң соода борбор кайра реконструкцияланмай болду (фото)

Turmush -  Каракол шаарынын борборундагы эң чоң соода борбору болгон Каракол соода үйү толук реконструкциядан өтөт. Бул тууралуу аталган жайдын директору Адылжан Мушрапилов билдирди.

Анын айтымында, мындай иштер эл эң көп топтолгон жайда коопсуздук маселесин колго алуу максатында жүргүзүлүүдө. Борбордо балдар ойноочу жайлар, соода түйүндөр, уюлдук компаниялардын кеңселери жайгашкан.

«Азыр баардык түзүмдөрдүн катышуусунда атайын комиссия иштеп жатат. Ага өрт кызматынын, Мамэкотехинспекциянын, Мамлекеттик салык кызматынын, мэриянын өкүлдөрү кирген. Текшерүүдөн кийин кемчиликтер, сунуштар айтылып, акт түзүлгөндөн кийин толук реконструкциядан өткөрөбүз.

Россиянын Кемерово шаарындагы соода борборунда болгон окуя бизде кайталанбашы керек. Бул окуядан кийин эң чоң жоопкерчилик мойнубузда экенин билдик. Комиссия текшергенден кийин оңдоо иштерин 1-кабаттан баштайбыз. Видеокамералар, кошумча эшиктер, өрткө каршы система толук жасалат. Ижарачыларга дагы тиешелүү эрежелер түшүндүрүлөт», - деди ал.

Аталган жайда 86 ижарачы иштейт.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 738
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×