Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Ысык-Көл

Караколдук студент Айсулуу вокалисттердин эл аралык сынагына катышууга жолдомо алды

Turmush -  Каракол шаарындагы Ыбрай Туманов атындагы музыкалык окуу жайдын студенти Айсулуу Сапар кызы вокалисттердин эл аралык сынагына катышат. Бул тууралуу аталган окуу жайдын директорунун орун басары Бактыбек Ибраев билдирди.

Анын айтымында, Айсулуу Сапар кызы окуу жайдын вокалдык искусство бөлүмүндө 3-курста окуйт. Ал ырчылык өнөрүнүн аркасы менен Алмата шаарында өтүүчү вокалисттердин эл аралык сынагына катышууга укук алды.

Сынак 24-26-апрелде Алмата шаарындагы Чайковский атындагы музыкалык колледжинде өткөрүлмөкчү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 730
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×