Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-апрель
Ысык-Көл

Ысык-көлдүк эне соцтармактан таанышкан киши менен сүйлөшкөн соң Түркияга кеткен 36 жаштагы кызын издөөдө (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын тургуну Бегайым Осмонбекова Түркияга кетип, дайынсыз болгон 36 жаштагы кызын издеп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Б.Осмонбекованын айтымында, 1983-жылы туулган кызы Жаркын Самакова эч кимге айтпай, 2 күн мурун — 31-мартта Түркияга учуп кеткен бойдон үй-бүлөсү менен байланыша элек.

«Мен Каракол шаарындагы окуу жайлардын биринде ашпозчу болуп иштейм. Ишке кеткен учурда кызым кийим, сумкаларын алып, үйдөн чыгып кетип калыптыр. Ал мурдатан эле даяр болуп, кийимдерине чейин салып койгон экен. Мен үйгө келсем коңшуналарым: «Кызыңыз сумкаларын көтөрүп чыгып кетти» дешти. Мен ошондо эле жүрөгүм сезип, кабатыр болуп, бардык тармактарга кайрыла баштадым. Акырында Кыргызстандагы Түркиянын элчилигине кайрылганымда кызым Жаркын Самакова 31-мартта саат 05:00 чамасында «Манас» эл аралык аэропортунан Стамбулга учуп кеткенин билдим.

Буга чейин кызым Анкарада иштеп жүргөн Elman Baxcveliyeu аттуу Азербайжандын жараны менен социалдык тармактар аркылуу байланышып жүргөн. Мен ага кызымды алдаба деп айткам, ал: «Кызыңды көрбөй каласың» деген эле. Мен аны менен сүйлөшпө дегениме карабай кызым алданып кетип калды. Эми укук коргоо органдарынын кызматкерлери жардам берсе жакшы болмок. Кызымдын 2 баласы, жолдошу бар. Бирок анын чет өлкөдө иштөө максаты бар эле. Кызым ошол жаран менен Анкарага кетиши мүмкүн, анткени ал Анкарада иштейм деп жүргөн», - дейт Б.Осмонбекова.

Жаркын Самакова тууралуу билгендер болсо 0707 69 98 72, 0705 24 08 59 номуру аркылуу Бегайым Осмонбекова менен байланышса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 8274
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×