Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 02.04.2018 12:39

Айыл турмушу: Караколдук Н.Кадыралиева кийизден оригиналдуу шляпаларды жасайт (фото)

Turmush -  Каракол шаарынын тургуну Нурлана Кадыралиева кийизден заманбап шляпаларды жасоодо. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кийиздерди Бишкек, Токмок шаарларынан алып келет. Учурда өзү менен бирге дагы бир айымды иш менен камсыздайт.

«Кийиз ден соолукка пайдалуу, ал ысык-суукка каршы турат. Андан жасалган баш кийимдердин сапаты мыкты болот. Учурда интернеттен көрүп, заманбапташтырып жасап жатам», - дейт ал.

Учурда ал баш кийимге туруктуу баа коё электигин белгиледи. Ал эми жасаган моюн орогучтарды 700-800 сомдон сатат.

«Кыргыздын ар бир аялзатында моюн орогучтун бир нече түрү бар. Биз улуттук колоритте жүн менен кооздоп жасап жатабыз. Аны айымдар көп алышат. Эми ага түспөлдөш шляпаларды жасап, бирге сатып баштайбыз», - деди кол өнөрчү.

Н.Кадыралиева Жети-Өгүз районунун Чырак айылында туулган, 2 баласы жана 1 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×