Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Ысык-Көл

Караколдо жаштарды тыюу салган диний агымдардан оолак болууга үндөгөн иш-чара өттү

Turmush -  Каракол шаарынын мэриясынын жыйындар залында «Демократия жана дин» темасында жыйын болду, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Ага ШИИБдин, Улуттук коопсуздук кызматынын дин иштери боюнча өкүлү, шаардык билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү, айыл аймак башчылары жана аялдар кеңешинин өкүлдөрү, жаштар катышып, демократия жана дин маселесин талкуулашты. Анда диний багытта билим берген медреселер жана диний агымдар тууралуу маалымат берилди.

Бул иш-чаранын максаты жаштарга дин багытында туура тарбия берип, мыйзам тыюу салган диний агымдарга азгырылуусун токтотуу экенин уюштуруучулар белгилешти.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 781
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×