Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 29.03.2018 16:59

Караколдо «Жалын» элдик театрынын 25 жылдыгы белгиленди (фото)

Turmush -  Каракол шаарында К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун алдында түзүлгөн студенттердин «Жалын» элдик театрынын 25 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленди, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Театрдын жетекчиси, драматург Кыял Асаналиеванын айтымында, 25 жыл ичинде 700гө жакын студент сахнада ар кандай ролдорду жаратып, уядан учкан.

«1992-жылы биринчи жолу 5 студенттен турган ийрим болуп ачылган эле. 25 жылдын ичинде театр 700гө жакын студенттерди тарбиялады. Пьесаларды коюп, сынактарда алдыңкы орундарды багындырып жүрүп, элдик деген наам алууга жетиштик. Пьесаларды өзүм жазып, өзүм режиссерлук кылам», - дейт Кыял Асаналиева.

Театрда тарбияланган балдардын арасында жетекчилер, журналисттер, белгилүү актёрлор дагы бар. Алардын бири — Ак-Суу районунун акими Улан Дөкөнбаев.

«Мен да студент кезимде «Жалын» театрында бир нече ролдорду аткаргам. Театр ар бир ишти жүрөгүң менен сезүүгө, тактыкка үйрөтөт», - дейт У.Дөкөнбаев.

Маалым болгондой, бул убакыт аралыгында театрда 50гө жакын пьеса коюлуп, анын экөө тасма болуп тартылган. Пьесаларды облустун актерлору да аткарып, сынактарда байгеге ээ болушкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×