Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 29.03.2018 15:16

«Каракол» футболдук командасынын оюнчусу Малика Кадырова мыкты чабуулчу деп табылды

Turmush -  «Каракол» футболдук командасынын оюнчусу Малика Кадырова мыкты чабуулчу деп табылды. Бул тууралуу Каракол шаардык спорт мектебинен маалымдашты.

Маалыматка караганда, кыздардын «Каракол» футбол командасынын оюнчусу Малика Кадырова 19-23-февралда Кыргызстандын кубогу үчүн өткөн кичи футбол боюнча мелдеште мыкты оюн көргөзүп, «Мыкты чабуулчу» номинациясына татыктуу болду.

М.Кадырова 4 жылдан бери «Каракол» командасында ойнойт. Ал футбол боюнча спорттун чебери, кичи футбол боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×