Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Ысык-Көл

Караколдук мушкер Эмир Модубашев өлкө чемпиону болду

Turmush -  Каракол шаарынын тургуну, мушкер Эмир Модубашев Кыргызстандын чемпиону болду. Бул тууралуу Каракол шаарындагы «Алга» спорт залынын самбо боюнча ага машыктыруучусу Кулунбек Эстебесов маалымдады.

Анын айтымында, Эмир Модубашев 9-10-мартта өткөн Кыргызстандын чемпионатына катышып, анда 70 кг салмакта күч сынашкан. Жыйынтыгында бардык атаандаштарын жеңип, Кыргызстандын чемпиону аталды.

Мушкер Каракол шаарындагы балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинде тарбияланат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 665
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×