Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 27.03.2018 11:33

Караколдогу ветеринардык лаборатория жаңы жабдууларга муктаж (фото)

Turmush -  Каракол шаарындагы ветеринардык лаборатория жаңы жабдууларга муктаж. Бул тууралуу аталган лабораториянын башчысы Эрмек Уразбеков Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугушууда билдирди.

Анын айтуусунда, облустун ветеринарлары 1932-жылдан бери кичинекей бөлмөлөрдө иштеп келишкен. Былтыр мамлекеттик бюджеттен 26 млн сомго жаңы имарат салынганы менен анда эски жабдуулар менен иш жүргүзүшүүдө.

«Мен ушул тармакта 40 жылдан бери эмгектенип келе жатам. Буга чейин эптеп эле аты бар бөлмөлөрдө иштеп келгенбиз. Акыркы жылдары өкмөт бизге көңүл бөлө баштады. Жаңы имаратка кирип, сүйүнүп турабыз. Бирок, анда 1960-1980-жылдагы жабдуулар менен иштеп келебиз, алар азыркы заман талабына такыр жооп бербейт. Ошондуктан Жогорку Кеңештин депутаттарынан жаңы долбоор аркылуу заманбап жабдуулар менен камсыз кылууну өтүнүп жатабыз. Бизде Москвага барып, лабораторияны иштетүү боюнча билим алып келген 3 адис бар», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×