Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 27.03.2018 10:32

Ысык-Көлдө «Ууру» операциясында унаа тоноо менен алектенген кылмыштуу топ кармалды

Turmush -  Ысык-Көл облусунун аймагында «Ууру» операциясынын алкагында мурда катталган 16 кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, операция өздүк мүлктү уурдоо менен байланышкан кылмыштын бетин ачуу жана алдын алуу максатында 26-марттан баштап өтүүдө.

«Тартылган күчтөр жана каражаттар менен бир күндүн ичинде мурда катталган 15 уурдоо, 1 алдамчылык кылмыштын бети ачылып, 1 оор кылмыштын бети изи суутпай ачылды. Ысык-Көл ОИИБдин жана Каракол ШИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан автоунаалардын эшигин бузуп ачуу жолу менен баалуу буюмдарды уурдоо менен алектенген 4 адамдан турган кылмыштуу топ кармалды.

Анын курамындагы Каракол шаарынын 20 жаштагы тургундары — Т.Улан, К.Самат, А.Анвар жана Түп районунун Михайловка айылынын жашоочусу Э.Болот Нооруз майрамынын алдында 4 унаанын эшиктерин бузуп, аккумуляторлорду, авто магнитолаларды жана баалуу буюмдарды уурдашканы аныкталды. Шектүү катары кармалып, эч жакка кетпөө тил катын жазгандар күнөөнү толугу менен мойнуна алышты. Далил зат катары уурдалган буюмдар алынып, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (уурдоо) менен кылмыш иши козголду», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×