Turmush - Чүйдөгү Ысык-Ата районунун аймагында жүк ташуучу унаа өрттөндү. Күбөлөрдүн айтымында, өрт кечээ, 25-мартта саат 18:30 чамасында чыккан.
Болжолдуу маалыматтар боюнча, өрттөнгөн «Хендай Портер» үлгүсүндөгү унаа бат күйүүчү каражаттарды жүктөп бара жатышы мүмкүн. Окуянын себеби такталып жатат.