Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 10.02.2018 18:04

Караколдук Элтуран менталдык арифметика боюнча Сингапурда өтүүчү олимпиадага жолдомо алды (видео, фото)

Turmush -  Каракол шаарында менталдык арифметиканы үйрөнүүгө кызыккандар көбөйүүдө. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына окуу борборунан билдиришти.

Менталдык арифметиканы үйрөтүү тармагында иштеген Айжамал Батырбекова, мындан эки жыл мурун иш баштаган борбордо 40тай бала билим алып кеткен. Учурда борбордо 35 бала менталдык арифметиканы окуп үйрөнүп жатышат.

9 жаштагы Даниэль Каныбеков мектептеги алдыңкы окуучулардын бири. Ал бул борбордо 4 айдан билим алып келет. Ал эми борбордо билим алган дагы бир окуучу Элтуран учурда Сингапурда өтүүчү олимпиадага жолдомо алып, мелдешке даярданып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×