Бөлүмдөр
Ишемби, 18-август
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Тоо лыжасы менен профессионалдык деңгээлде машыккан Ынтымак Европаны багындырууну кыялданат (фото)

Turmush -  Каракол шаарынын 17 жаштагы тургуну Ынтымак Элчибаев тоо лыжасы менен профессионалдык деңгээлде машыгат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, спорттун бул түрү менен машыгуусуна тоолорду жана жаратылышты жакшы көргөн атасы себеп болгон. «3-класста атам спорттук мектепке алып келип, мени тоо лыжасын сүйүүчүлөрдүн катарына кошушту. Ал жерде окуп жана атам менен бирге лыжа тебүү үчүн тоого барып жүрдүм. Лыжа тебүү техникасын бат эле үйрөнүп кеттим. Учурда лыжасыз жашоомду элестете албайм», - деди ал.

Ынтымак бош убакта командасы жана машыктыруучусу менен бирге лыжачылардын таймаштарына барып турат.

«Тилекке каршы учурда ийгиликтерим менен мактана албайм. Ар кандай фестивалдарга, таймаштарга катышып жатам. Ошондой эле, Казакстан, Өзбекстан, Россияда өткөрүлгөн эл аралык таймаштарга катышууга абдан аракет жасайм. Менин башкы кыялым — Европа, Азия, дүйнө чемпионаттарына катышуу. Спорттогу максаттарыма жетсем, эң бактылуу адам болот болушум керек», - деди Ынтымак.

Жаш спортчу туризм факультетинде билим алууну пландап жатат. Ал мектепти окуп бүтүргөндөн кийин тоо лыжасы менен алектенүүнү уланта турганын билдирди. Спорттун бул тармагы мамлекет тарабынан чоң колдоону талап кыларын да белгиледи.

«Бизге мамлекет тарабынан каржылоо жетишсиз. Буга чейин биздин өлкө тоо лыжасына анча кызыкчу эмес. Бирок кыргызстандык тоо лыжачы Евгений Тимофеев дүйнө чемпионаттарына катышып баштагандан кийин бизге көңүл бурулуп баштады. Биздин жабдыктар абдан эски. Айына 5-6 жолу жабдыктардын эскилигинен улам машыгуу үзгүлтүккө учурайт. Таймаштардын алдында бардык чыгымдарды өз чөнтөгүбүздөн төлөйбүз. Бизге жаңы автобус жана лыжаларды алуу зарыл. Эң негизгиси лыжа тебүүгө каалоо жана аракет керек», - деди ал.

Ынтымактын ата-энеси колдоо көрсөтүп, ага ишенишет. «Атам жеке ишкер болсо, апамдын өзүнүн чакан иши бар. Алар дайыма «тоо лыжасын таштабай, спорттун бул түрү боюнча ийгилик жарат» деп айтышат. Алар мага ишенет. Бул — мен үчүн эң чоң түрткү жана эргүү. Ата-энемдин үмүтүн актайм деген ниетим бар. Ал эми, иним 6-класста окуп жатат. Ал да лыжачы, чогуу машыгабыз. 5 жаштагы карындашыма да кийинки жылы лыжа тебүүнү үйрөтөйүн деп жатам», - деди спортчу.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1522
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×