Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 09.02.2018 14:49

Караколдук дзюдочу Ж.Шакиров Кыргызстандын чемпионатында коло медалга ээ болду

Turmush -  Каракол шаардык спорт мектебинин тарбиялануучусу Шакиров Жусуп дзюдо боюнча Кыргызстандын чемпионатында коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Каракол шаардык балдардын жана өспүрүмдөрдүн спорт мектебинен маалымдашты.

Маалыматка караганда, чемпионат Бишкек шаарында 26-28-январда өттү. Жусуп өткөн жылдын 17-18-декабрында самбо боюнча турнирде алтын медалга ээ болгон. Ал былтыр Азия чемпионатына катышкан. Ж.Шакиров самбо боюнча спорттун чеберине талапкер, дзюдо боюнча да өзүн сынап көрүп, аталган чемпионатта коло медалга ээ болду. Анын күйөрмандары жаш спортчуну бул ийгилиги менен куттуктап, ага мындан ары да спорттогу жеңиштерди каалашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×