Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-февраль
Ысык-Көл

Караколдогу музыкалык окуу жайды студенттер таштап кетүүгө аргасыз болууда

Turmush -  Каракол шаарындагы Ыбрай Туманов атындагы музыкалык окуу жайынын жамааты жатакана маселесин чечип берүүнү өкмөттүн облустагы өкүлүнөн суранышты, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Окуу жайдын кызматкери Султан Койчумановдун айтымында, алардын шаардагы Торгоев көчөсүндө имараты бар. Ошол имаратты башка имаратка алмаштырып берүүгө уруксат алуу зарыл болууда.

«Бул окуу жайга Ысык-Көл облусунун ар кайсыл аймактарынан таланттуу балдар келип окушат. Бирок жатакана жок кыйналып жатышат. Кээ бири окуусун таштоого аргасыз болууда. Ошондуктан жатакана маселесин чечип берүүнү суранат элек, ага мамлекеттен эч кандай каражат кетпейт», - дейт ал.

Каракол шаарына жергиликтүү тургундар менен жолугушууга Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин өкүлү Алгымбай Имаров, өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, шаар мэри Данияр Арпачиев келген.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 455
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×