Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-февраль
Ысык-Көл

Караколдо кичи райондун тургундары мектеп куруп берүүнү өтүнүштү (фото)

Turmush -  Каракол шаарынын Нефтяник кичи районунун тургундары аталган кичи районго мектеп куруп берүүнү суранууда. Бул тууралуу район эли Каракол шаарында өткөн жолугушууда айтышты.

Жолугушууга Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин өкүлү Алгымбай Имаров, өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Каракол шаарынын мэри Данияр Арпачиев келген.

Тургундардын айтымында, аталган аймактан мектеп окуучуларын эртең менен атайын автобус алып кетет.

«Бирок окуучулардын сабагы ар убакта бүткөндүктөн кечкисин балдар жалгыз келишет. Мектеп шаардан алыс жайгашкан. Биздин райондо жарыктандыргыч да жок. Караңгыда балдар үчүн кооптуу болууда. Биздин районго мектеп куруп берүүнү өтүнөбүз», - дешти райондун тургундары.

Аталган райондо 200гө жакын бала мектепке муктаж. Ал эми шаарга учурда дагы 4 мектеп жетишпейт. Жыйында мындан тышкары тургундар шаардагы көйгөйлөр боюнча жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө суроо беришти.

Алар жер маселеси, көрүстөндө орун жок калгандыгы, шаардын тазалыгы, шаарда иштебей жаткан заводдор, саламаттыкты сактоо тармагындагы көйгөйлөр боюнча маселелерди көтөрүштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 393
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×