Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Ысык-Көл

Караколдогу директордун өлүмү: 15 жылга соттолгон аялдын жакындары нааразычылык акцияга чыгышты (фото)

Turmush -  Каракол шаарында медициналык окуу жайдын мурунку директорунун өлүмү боюнча 15 жылга эркинен ажыратылган М.Раушандын жакындары бүгүн, 8-февралда Ысык-Көл облустук сотунун имаратынын алдына нааразычылык акциясына чыгышты, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

М.Раушанга карата чечим Ысык-Көл облустук соту тарабынан ушул жылдын 2-февралында чыгарылган.

«Ысык-Көл облустук сотунун коллегиясы 2-февралда чечим чыгарды. Чечимди 5 күндүн ичинде аласыңар деп төрага айткан эле. Эми чечим даяр эмес деп жатышат. Биз бул иш боюнча үчүнчү отурум менен чечим чыкканына нааразыбыз. Эмне үчүн жана кайсыл жагдайдын негизинде шаардык соттун чечимин бузганын айткан жок. Жаңы далилдер жок, соттор мамлекеттик машина катары буйрук аткарды», - дейт М.Раушандын жолдошу Н.Бейшенбиев.

Директордун өлүмү...

2016-жылдын 17-ноябрында болжол менен саат 13:10 чамасында Каракол ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө батирлердин биринде аялдын жансыз денеси табылгандыгы боюнча маалымат түшкөн. Бул боюнча А.Апсалиеванын кызы телефон аркылуу маалымат берген. Окуя болгон жерди текшерүүдө аялдын денесине 23 жолу бычак сайылгандыгы аныкталган болчу.

«Кылмыштын бетин ачуу үчүн ыкчам топ түзүлгөн. Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 21-ноябрда милиция кызматкерлери медициналык колледждин директорун өлтүрүүгө шектүү делген аялды кармашкан. Ал — Каракол шаарынын 39 жаштагы тургуну М.Раушан болгон. Алгачкы тергөөдө оор кылмыш жасаганын мойнуна алган. Шектүү аялдын айтымында, мындай кылмыш жасоого жумуштагы жетекчи менен кастык мамилеси себеп болгон», - деп айтылат ШИИБдин маалыматында.

Көз жумган А.Апсалиева 59 жашта болчу. Тыныстанов көчөсүндө жайгашкан үйүндө 2000-жылдан бери 10-класста окуган кызы А.А. менен жашап жаткан. А.Апсалиева Ак-Суу районунун Зындан айылында туулган.

Алгачкы тергөө иштери 2 айга созулуп, сот процесси 2017-жылдын январь айында башталган болчу. Апрель айынын аягында соттолуучу экспертизанын тыянагына макул болбой, кайрадан соттук-биологиялык экспертиза дайындалган.

2017-жылы 23-октябрда Каракол шаардык сотунда медициналык колледждин директору Анарбүбү Апсалиеванын өлүмү боюнча сот отуруму болгон. Анда биологиялык экспертизанын жыйынтыктары жана далил буюмдар көрсөтүлгөн. Эки экспертизанын жыйынтыктары бири-бирине дал келбегендиктен отурумга тыянактарды чыгарган эксперттер чакырылган эле.

Шаардык соттун өкүмү...

2017-жылы 15-ноябрда чыккан Каракол шаардык соттун чечими боюнча шектүү КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин (адам өлтүрүү) 2-бөлүмүнүн 6-13-пункттары боюнча күнөөсүз деп табылган.

«М.Раушан шектүү адам катары окуя кандай болгондугун көрсөтүп берген жерде түзүлгөн протокол ишке тиркелген материалдарга дал келген эмес. М.Раушан окуяны айтып бергени тасмага түшүрүлүп, 2 DVD диск жана сүрөттөр материалга тиркелген. Андагы көрсөтмөлөр окуя болгон жагдайларга дал келген жок», - деп айтылат чечимде.

Ошондой эле, шаардык соттун судьясы тергөө органдары ишти чала карап, талаш жаратпаган далилдерди көрсөтө албаганын айтып, далил зат катары алынган М.Раушандын кийимдери кылмыш болгон күндөгү кийим экени күмөн болгондугу жана аны далилдей турган видеотасма ишке тиркелбегени айтылды.

«М.Раушан 2016-жылдын 17-ноябрында саат 11:30 чамасында РСК жана KICB банктарына барган. Ошол банктардагы видеокамералар текшерилип, М.Раушан кандай кийинип жүргөндүгү боюнча видеотасма ишке тиркелген эмес. Бул боюнча аталган эки банк видео көзөмөлдөгү тасма 2 айдан кийин өчүп каларын айтышкан», - деп айтылат өкүмдө.
Мындан тышкары, буга чейин маркумдун уюлдук телефонуна ар кандай коркутуулар келгени айтылып, бирок ал фактылар далилденбегени айтылды. Кылмыш болгон түнү маркумдун орун басарына да: «Эшикке чык, кийинки кезек сенде» деген билдирүү келгени жана ал кайсы телефондон жиберилгени билингени менен иш андан ары улантылган эмес.
Бирок М.Раушан экономикалык кылмыштар боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 2-бөлүмү жана 171-берененин 4-бөлүмүнүн 2-пункту менен күнөөлүү деп табылды. Жыйынтыгында 6 жылга эркинен ажыратылып, 3 жыл мамлекеттик кызматта иштөөгө тыюу салынды. Раушандын жаза өтөө мөөнөтү кенже баласы 14 жашка чыкканга чейин жылдырылган. Айыпталуучу 3 баланын энеси.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Тема боюнча:

24.10.2017Караколдогу директордун өлүмү: 23 жолу бычак сайган деген шектүүнүн баш коргоо чарасы өзгөрүүсүз калды (фото)
16.11.2017Караколдогу директордун өлүмү: Кесиптешин бычактап өлтүрүүгө шектелген аялга сот өкүм чыгарды (фото)
17.11.2017Караколдогу директордун өлүмү: Шектүү аялды актаган сотко жабырлануучулар нааразы (видео, фото)
25.12.2017Караколдогу директордун өлүмү: Шектүүнүн жакындары облустук соттон акыйкат чечим күтүшөт (фото,видео)
25.12.2017Караколдо медколледждин өлтүрүлгөн директорунун туугандары нааразычылык акцияга чыгышты (фото)
02.02.2018Медколледждин директорунун өлүмү: Ысык-Көл облустук соту 3 баланын энесин 15 жылга кести (видео, фото)
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1074
×