Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 07.02.2018 13:14

Караколдо Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата анын чыгармаларынан спектаклдер коюлат

Turmush -  Каракол шаарында залкар жазуучу Чынгыз Айматовдун 90 жылдыгына карата №3 мектептин «Бийиктик» ийриминин окуучулары жазуучунун чыгармаларынан спектаклдерди көрсөтүп жатышат. Бул тууралуу аталган мектептин мугалими Салтанат Акылбекова билдирди.

Анын айтымында, спектаклдер улуу жазуучунун чыгармаларын андагы каармандардын образдарын терең түшүнүп, чыгарманын мазмунун, тарбиялык маанисин жакшы билүүгө өбөлгө болот.

Ошондой эле Ч.Айтматовго арналган көркөм окуу, дил баян жазуу боюнча сынактар уюштурулат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×