Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-февраль
Ысык-Көл

Фото — Ысык-көлдүк С.Жылтырова табигый жол менен өстүргөн мөмө-жемиштерин Индияга алып барды

Turmush -  Ысык-Көл облусунун тургуну Сонунгүл Жылтырова Индияда болуп жаткан көргөзмөгө органикалык жол менен өстүргөн өсүмдүктөрүн алып барды, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

С.Жылтырованын айтымында, 2-февралда башталган көргөзмө 18-февралга чейин уланат. Ал көргөзмөгө Ысык-Көл жергесинде табигый таза, органикалык жол менен өстүргөн мөмө-жемиштерин койгон.

«Көргөзмөгө келген эл биздин улуттук кийимдерибизге абдан кызыгууда. Ошондой эле, таза, органикалык жол менен өстүрүлгөн мөмө-жемиштерге суроо-талап жогоруу болууда», - дейт С.Жылтырова.

Ал белгилегендей, Индиядан «Ысык-Көл органика» кооперативи менен келишим түзүп, иштешкиси келгендер көп болууда. Алар февраль айынын аягында Кыргызстанга келип, жеринде таанышып кетишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 500
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×