Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 07.02.2018 10:51

Караколдук 19 жаштагы мушкер Д.Пучнин эл аралык турнирде коло медаль утту (фото)

Turmush -  Караколдук мушкер Дмитрий Пучнин борбордо өткөн эл аралык турнирде коло медаль утту. Бул тууралуу Каракол шаардык балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинен маалымдашты.

Маалыматка караганда, Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган эл аралык турнир Бишкек шаарында 30-январдан 4-февралга чейин өткөрүлдү. Караколдук мушкер биринчи мелдеште Ош облусунан келген мушкерди жеңип, андан кийинки беттешүүлөрдү өзбекстандык жана казакстандык мушкерлер менен өткөрүп, жыйынтыгында жеңишке жетти.

19 жаштагы Д.Пучнин Каракол шаарындагы ЫМУнун 1-курсунда билим алат. Бокс боюнча КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу Бейшен Сабатаровдун тарбиялануучусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×