Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Ысык-Көл

Караколдо Сүйүү күнүндө муз үстүндө бийлөө сынагы менен коштолгон кышкы фестиваль болот

Turmush -  Каракол шаарында 14-февраль күнү кышкы фестиваль өткөрүлөт. Бул тууралуу вице-мэр Гүлназ Орозова билдирди.

Анын айтымында, фестивалдын максаты — кышкы туризмди өнүктүрүү.

«Анда муз үстүндө бийлөө боюнча сынак болот. Ошондой эле, коньки тебүүнү сүйүүчүлөр менен флешмоб жана муз үстүндө ар кандай сынактар уюштурулат. Ошондой эле, кол өнөрчүлөрдүн эмгектеринин көргөзмөсү болуп, элдик майрам уюштурулат», - деди вице-мэр.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 696
Көп окулду
×