Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-февраль
Ысык-Көл

Каракол шаарынын чек арасы такталууда

Turmush -  Каракол шаарынын чек арасын тактоо боюнча жумушчу топ иш алып барууда, деп билдиришти мэриядан.

Маалыматка караганда, Каракол шаары, Октябрь айыл аймагы жана Каражал айыл аймагы менен биргеликте алардын ортосундагы административдик, аймактык чек ара тактоо иши жүрүп жатат.

Каракол шаары облустун чыгыш бөлүгүндө орун алып, Ысык-Көлдөн 12 чакырым алыстыкта турат. Деңиз деңгээлинен 1690-1850 метр бийиктикте жайгашкан. Бишкек шаарына чейинки аралык 420 чакырымды түзөт. Эң жакынкы темир жол бекети Балыкчы шаарында жайгашкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 402
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×