Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-февраль
Ысык-Көл

Караколдо Баткен согушунун катышуучуларына арналып тургузулган эстелик урап калды (фото)

Turmush -  Каракол шаарында Баткен согушунун катышуучуларына арналып тургузулган эстелик урап калды. Бул тууралуу Баткен согушунун ардагерлеринин Каракол шаарындагы төрагасы Таалайбек Малаев билдирди.

Анын айтымында, 2016-жылы А.С.Пушкин эс алуу багына Баткен согушунун катышуучуларына эстелик орнотулган. Бирок бир жыл аралыгында эстелик жараксыз абалга келип, урап баштады. Учурда ардагерлер сот органдарына кайрылганы жатышат.

«Эстелик сапатсыз жасалган. Ошондон улам 2017-жылы ал урап калды. Эстеликтин ичи топурак, чопо менен жасалган. Сыртын чүпүрөк, тор менен чаптап, сырдап коюшкан. Ичине ным толуп, ийилип, жанына барган балдарга коркунуч жаратып жаткандыктан акт түзүп, ал алынды.

Буга чейин Кыргызстандын аймактарында эстеликтер орнотулган. Биз дагы согуштун ардагерлери чогулуп, каза болгон балдарга арнап эстелик тургузалы деп жергиликтүү бюджеттен акча сурап алдык. Аны жакшы жасаган киши жасасын десек, ошол кездеги Баткен согушунун ардагерлеринин облустук төрагасы сүрөтчү жалдап жасатып койгон. Эстелик урап баштаганда аны тиреп, темир орнотушкан. Акыры коопсуз болгондо демонтаж кылдык. Учурда жактоочу жалдап, сотко кайрылалы деп жатабыз», - дейт Таалайбек Малаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 579
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×