Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Ысык-Көл

Айыл турмушу: 26 жаштагы Т.Баратов майыптыгына карабай унаа жуучу жайда иштеп, үй алууга каражат топтоп жатат (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын 26 жаштагы тургуну Тимур Баратов ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабастан Караколдогу унаа жуучу жайда иштеп, ата-энесин жана үй-бүлөсүн камсыз кылат.

Анын айтымында, 6 жашында сол колунан айрылган. «Үй-бүлөдө эки бир тууганбыз. Бир карындашым бар. Ата-энем Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында жашап жатып, Каракол шаарына көчүп келди. Жумуш табуу мен үчүн оор болду. Жогорку билим алууга да мүмкүнчүлүк болгон жок. Бирок учурда кудайга шүгүр, бардыгы жакшы. Жумушум, жашаганга жер бар жана үй-бүлөмдү камсыздап жатам», - деди ал.

Т.Баратов 3 жыл мурун келечектеги жубайы менен таанышып, ал жумушка орношууга жардам берген. «Ал бул унаа жуучу жайда иштечү. Биз достошуп баштадык. Менин ал учурда жумушум жок болчу. Жубайым мага унаа жуучу жайда иштеп көрүүнү сунуштаганда макул болдум. Унаа жуучу жайдын ээси менен жолуктум. Ал менин майып болгонума карабай жумушка алды. Алгач бул жерде иштөө оор болду. Унааны бат жана таза жууп берүү керек. Ал эми, мен үчүн бул ишти жасоо бир аз кыйынчылыкты жаратты. Бирок жетекчи мага колдоо көрсөттү. Андан кийин убакытты үнөмдөгөндү үйрөнүп баштадым», - деди ал.

Унаа жуучу жайдын ээси Тимурдун Каракол шаарында турак жайы жок экенин билгенден кийин ага акысыз үй берген. «Учурда унаа жуучу жайдын ээси берген үйдө жашап жатабыз. Биз ал жерде акы төлөбөй жашайбыз. Ал айрым учурларда жардам берип турат. Өзүм күнүнө 20га жакын унаа жууйм. Ал эми, айлык маянамды үй сатып алуу үчүн банктагы эсебиме которуп турам. Ошондой эле, ата-энеме жардам берем. Жубайым экөөбүз эки балалуу — бир кыз жана бир уулдуу болгубуз келет», - деди Т.Баратов.

Тимурдун кесиптештеринин айтымында, ал жашоодогу бардык нерсени жакшы тарабынан карайт. «Биз Тимурдун көңүлсүз жүргөнүн кээде гана көрөбүз. Ал дайыма тамашалап, кызыктуу окуяларды айтып берет. Ошондой эле, ал абдан жакшы ырдайт. Жумушуна абдан жоопкерчилик менен мамиле жасайт. Анын туруктуу кардарлары бар. Бул ага кардарлар ишенет жана баалайт дегенди түшүндүрөт. Ошондой эле, ал чынчыл адам», - деди унаа жуучу жайдын администратору.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1065
Көп окулду
×