Бөлүмдөр
Ишемби, 18-август
Ысык-Көл

Караколдо көп кабаттуу үйлөрдү 44 жумушчу жылытат

Turmush -  Каракол шаарында көп кабаттуу үйлөрдү жылытууда 44 жумушчу иштеп жатат. Бул тууралуу «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын «Караколжылуулук» филиалынын башкы инженери М.Жексембиев маалымдады.

Анын айтымында, абанын температурасы -20 градуска жеткенине карабай жумушчу топ туруктуу иштеп жатат.

«Кашка-Суу кичи конушундагы көп кабаттуу үйлөрдүн батирлерине «Кашка-Суу төрөт үйү», №2028 аскер бөлүгү, Т.Сатылганов атындагы лицейге Корольков жылуулук жайы, шаардын батышындагы көп кабаттуу үйлөрдүн батирлерине «Восход» жана «Геология» отканалары жылуулук берүүдө. Жашоочулар тарабынан нааразычылыктар жок. Суук күндөрдө Кара-Кече көмүр кенинен 1850 тонна көмүр түшкөн. Бул күндөрдө отканалар адаттагыдай тартипте иштеп жатат. Учурда 44 жумушчу 23 отказанга от жагууда», - дейт М.Жексембиев.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 742
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×