Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-февраль
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Тоңдук чебер Б.Исакова унаага жабууларды жасап, 5 миң сомдон жогору сатат (фото)

Turmush -  Тоң районунун Кажы-Сай айылынын 64 жаштагы тургуну Бурулсун Исакова кол өнөрчүлүк менен алектенип, унааларга кийизден жабууларды (чехол) жасайт.

Анын айтымында, ал мектепте окуп жүргөндө кол өнөрчүлүктү апасынан үйрөнгөн.

«Мектепте окуп жүргөндө эле кол өнөрчүлүк менен алектене баштагам. Апам кыйын кол өнөрчү эле. Ага шырдак жасашып жардам берип жүрүп үйрөндүм. Эгер адамда кызыгуу жана изденүү болсо бат эле үйрөнүп кетет экен. Учурда унаалардын отургучтарына каптамаларды жасап сатам. Атайын көргөзмөлөргө, фестивалдарга катышып турам», - деди ал.

Б.Исакова жасаган буюмдарын 150 сомдон 30 миң сомго чейин сатат.

«Жасаган буюмдарымдын арасынан унаага жасалган жабууларды 5 миң сомдон жогору баада сатып келем. Жүндү өзүм даярдайм. Бир унаанын жабуусун татаалдыгына жараша 1 же 2 айда даярдап бүтөм. Жасаган буюмдарымды Германияга алып кетишет, өзгөчө шырдактарды жактырышат. Менин жолумду жолдоп кызым дизайнерликти үйрөнүп, окуп жатат. Учурда илбирстин сүрөтүн даярдап жасап жатабыз.

Бош убактымда түймө түйөм, башмактарды дүкөнгө коюп 150 сомдон жогору баалайм. Келечекте жаамат түзүп, ушул ишти кеңейтип, эмгектерибизди чет өлкөлөргө сатсам дейм», - дейт ал.

Б.Исакова бир кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2843
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×