Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-февраль
Ысык-Көл

Айыл турмушу: М.Акаеванын фондунда иштеген З.Декебаева паннолорун чет өлкөлүктөргө сатат (фото)

Turmush -  Каракол шаарынын 64 жаштагы тургуну Зарипа Декебаева аймактагы алдыңкы кол өнөрчүлөрдүн бири. Чебер айым менен аймактык кабарчы таанышты.

З.Декебаева Жети-Өгүз районунун Жеңиш айылында төрөлгөн. 1968-жылы 8-классты аяктаган соң Каракол шаарындагы педагогикалык окуу жайда билим алган.

«Мен окуу жайды бүткөн соң турмушка чыктым. Ар кайсы жумуштарда — бала бакчада, интернатта иштеп, аягында мектепте сабак берип калдым.

Союз тарагандан кийин 1992-жылы Каракол шаарына жолдошум экөөбүз келдик, анда кызыл кол өнөрчүлүк методикалык болбору ачылып жаткан эле. Менден «эмне жасаганды билесиң?» деп сурашты. Жасаган буюмдарымды көргөзөрүм менен мени жумушка алышты. Борбордо башкаларды кол өнөрчүлүккө үйрөтүп баштадым. Кийин көркөм өнөр ийриминин жетекчиси болдум. А.Акаев президент болуп турганда Майрам Акаева борбордун атын «Мээрим» фонду деп өзгөрткөн эле. Ал жакта жалпы 25 жыл иштедим. Сайма сайып, паннолорду, шырдактарды жасайм. Былтыр «Улут баскан улуу жол» фестивалында 2-орунга ээ болдум.

Кол өнөрчүлүктү 7 жашымда эле үйрөнгөм. Өзүмдүн энем жалаң шырдак шырчу. Ал эми баккан энем сайма сайчу. Аларды көрүп, мен дагы үйрөнсөм деп кыялданып жүрүп, кийин үйрөнүп алдым. Акыркы 40 жылдан бери кыздардын себине керектүү жууркан, төшөктөрдү жасайм. Өзүмдүн кыздарыма жана туугандарымдын, тааныштарымдын кыздарына сеп жасап келем. Балдар билим борборунда жалпы 25 жыл эмгектендим», - деди ал.

Ал жасаган паннолорун чет өлкөлүктөр сатып алышарын белгиледи.

«Манастын элеси түшүрүлгөн паннону 1,500 сомго саттым. Кичинекейлери 250 сомдон жогорку баада сатылат. Шырдакка буйрутма бергендерге жасап берем. Жууркан, төшөктөрдү жасайм. Эң биринчи жасаган курак жаздыгымды даниялык аял сатып алган. Япониялыктар паннолорума кызыгышат.

Бир жолу куурчак фестивалына кийизден жасаган куурчакты алып бардым эле. Жыйынтыгында өлкө боюнча 3-орунга ээ болуптурмун. Бош убактымда ардагерлерден түзүлгөн топ менен хор ырдайм. Таланттуу окуучулар менен иштешкенде көңүлүм ачылып, чын жүрөктөн сүйүнүп, эс алам. Менден көптөгөн окуучулар билим алышты», - деди Зарипа Декебаева.

Анын 2 уулу, 3 кызы жана 13 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 552
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×