Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 03.02.2018 17:00

Керээзим — өлсөм сөөгүм Ысык-Көлгө коюлсун, - кыргыз-түрк жазуучусу Ибрахим Түркхан (маек)

Turmush -  Түркияда туулуп, өскөн Ибрахим Түркхан 25 жылдан бери кыргыз жазуучуларынын чыгармаларын түрк тилине которуп келет. Ал азыр Каракол шаарында жашап, Ысык-Көл мамлекеттик университетинде иштеп, студенттерге географиядан сабак берет. Аймактык кабарчы мугалим-котормочу менен маек курду.

- Ибрахим агай Түркиянын кайсы жеринен болосуз? Кайсы окуу жайды бүткөнсүз, үй-бүлөңүз кимдер?

- Мен 1972-жылы Түркиянын Кахраманмараш деген шаардын Бүйүктатлы деген шаарчасында туулгам. 1980-жылы райондун борборундагы мамлекеттик жатак мектепти аяктадым. Вилаяттын борбору К.Марашта кесиптик техникалык окуу жайын, Кайсери шаарында техникумда билим алгандан кийин, 1992-жылы Кыргызстанга келгем. Каракол шаарындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин география мугалими бөлүмүн 1998-жылы аяктагам. Кыргызстанда билим алып жаткан жылдарда дубандык жана мамлекеттик гезиттерде журналист болуп иштеп, аны менен кошо мектептерде география жана түрк тилинен сабак берип жүрчүмүн. 1999-жылы Түркияга кайткандан кийин Адапазары, Стамбул, Назилли жана Сома шаарларында мугалим болуп иштедим. Азыркы учурда болсо Караколдо Ысык-Көл мамлекеттик университетинде кыргыз адабияты боюнча магистратуранын 2-курсунда окуп жатам.

Үй-бүлөлүүмүн, 2 уулдун атасымын. Келинчегим мектепке чейинки балдардын мугалими болуп эмгектенген. Учурда иштебейт. Кыргызча, орусча жана түрк элдеринин тилин билем. Түркияда Аврасия Жазуучулар Бирлиги жана Кыргызстанда Эл аралык поэзия академиясынын мүчөсүмүн. Жакын арада болсо Кыргызстан улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү болдум. Түркияда жана Кыргызстанда бир нече сыйлык жана грамоталар менен сыйлангам.

- Кыргызстан жөнүндө кандай ойдосуз? Сиз үчүн Кыргызстан эмне?

- Мен туулган айыл тоолуу, бак-дарак жагынан бай эмес аймакта жайгашкан. Бак-дарактар көбүнесе кичи дайрачалардын айланасында жана мөмө бакчаларда кездешет. Мына ошого байланыштуу бала кезден тартып, айлана жашылдын түркүн түсү менен боёлгон, дарыялар шаркырап аккан, ар кайсы жан-жаныбарга бай, токою бар аймакты самачу элем. Негизинен Түркияда мен самагандай толтура аймак бар. Бирок мен издеген жай андан да башкачарак эле. Кийинчерек университетте окуп жатканда белгилүү жазучуулардын бири Явуз Бүлөнт Бакилердин «Түркистан» китебин окугандан кийин, Орто Азияга кызыга баштаган элем. Анан Чынгыз Айтматовдун чыгармаларын башынан аягына чейин окуп чыктым. Анын чыгармаларында аталган жайлардын көпчүлүгү мени өзүнө тарткан жана өтө көп таасир тийгизген эле. 1992-жылы Кыргызстанда университетте окуу максаты менен Кыргызстанга келген элем. Ошол күз мезгилдин кечинде алгачкы жолу кадамдаган Бишкектин түптүз жана жапжашыл көчөлөрү мени таң калтырган болчу. Караколго биринчи жолу келгенде Ысык-Көл мен үчүн кыргыз эли конокторуна уучтап берген тунук суу сымал сезилген эле. Алгачкы жолу кездешкенден тартып кыргыз жери, өзгөчө Ысык-Көл аймагы мен бала кезде ойлогон жер экенин сездим. 1995-жылы Манастын 1000 жылдыгындагы иш-чараларда Каркыра жайлоосун көргөндө эле мен качандан бери ойлоп, самаган жер чынында Кыргызстан экенин баамдагам. Жайлоонун ар бир бурчу мен мурда жашап, көптөн бери көрбөй калган жер сымал мени өзүнө тарткан. Жүрөгүмдүн түпкүрүн ээлеп алган кусанын таркап бара жатканын сезгенмин.

Алгачкы келгөн күндөн тартып бизди анча деле тааныбаган менен кошуна-колоңдордун, жергиликтүү ар бир досубуздун бизге кучак жайып кылган жылуу мамилелери ата-энебизге, эл-жерибизге болгон кусаны жеңүүдө колдоо болду деп ойлойм. Ошондуктан бөтөн жерде эмес, өз жерибизде жүргөндөй жашай берчүбүз. Чынында эле СССРден жаңы гана бөлүнгөн жаш мамлекеттин түрдүү кыйынчылыктарга, экономикалык кысталыштарга дуушар болгону менен бизге кучагын ачканын кантип унутат элек? Ошол күндөрдө балдары үчүн алган бир сындырым нанын, бир чыны чайын тең бөлүшкөн досторубуз болгон. Бизди бул жагынан канча жолу уялтышканын санай албайм. Бул жагынан караганда, биз өзүбүздү бөтөн жерде эмес, туугандарыбыздын жанына жашагандай сезчү элек. Кыска убактын аралыгында кыргызстандыктар менен ортобузда түптөлгөн достуктардан улам, жайкы эс алууга Түркияга кетүүбүздү токтоткон болчубуз. Түркияга барганда болсо тез арада Кыргызстанга кайтуу планыбызды туугандарга айтканда алардын таң калып, кызганганына да күбө болгонбуз. Мына ушуларга байланыштуу Кыргызстан көгүлтүр көлдөрү, кар баскан аска-тоолору, мөңгүлөрдөн жаралып келген мөлтүр дарыялары, жапжашыл кырлары, сансыз өрөөндөрү, даамдуу тамактары, көңүл кылын титиреткен ырлары, ар кыл оюн-зооктору, колундогу нанды тең бөлүшө билген адамдары менен биздин экинчи мекенибиз болуп калган. Ошол жылдарда мен жаштыгымды арнаган Кыргызстан, өлгөндөн кийин денемди койдура аламбы деп Каракол шаарынын кире беришиндеги көрүстөндө өзүмө жай издей да баштагам. Түркияга кайтууга аргасыз калгандыктан, 1999-жылы баргандан баштап, «бир күнү кайра Кыргызстанга барып каламбы» деген үмүт менен жашап жүрчүмүн. Кыргызстанды жана кыргыздарды аябагандай жактыргандыктан уулдарымдын улуусуна Нурбек, кичүүсүнө Эржигит деп кыргыз ысымдарын бергем. Керээздеримден бири – эгерде көзүм өтсө Ысык-Көлдүн шамалы жүрүп турган Караколдун көрүстөнүндө түбөлүктүү жай табуу.

- Кыргыздарга тиешелүү болгон кайсы нерселер түрк туугандарды көп кызыктырат?

- Кыргызстан биз үчүн ата-бабалар жашап өткөн жер. Орто Азиядагы кошуна мамлекеттерди жактырсак да Кыргызстанга барып келген кайсы бир адам болбосун кыргыздардын меймандостугун, кичи пейилдигин, кең жайылган дасторконун, бешбармагын, жайлоолорун, эн негизгиси Ысык-Көлүн аябай баалап жактырышат. «Манас» дастанын айтуу — биз жакта болбогон, таң калтыруучу нерсе. Бүт ушулардан улам Кыргызстан адамды өзүнө тарткан кандайдыр бир сыйкыры бар мамлекет болуш керек десем жаңылышпай.

- Адабиятка жана өзгөчө акындыкка качан жана эмне себептен ооп кеттиңиз?

- Түркияда мен төрөлгөн Кахраманмараш шаарынан илгеритен бери акындар көп чыккан. Түркия адабиятында орчундуу орду бар, классикке айланган бир нече акын мен үчүн үлгү болуп жүрчү. Бала кезимен баштап көп китеп окуучумун. Бара-бара мен да ошол улуу жазуучулардай боло аламбы деп кыялданчумун. 6-класта окуп жүргөндө аңгеме жазууга киришкем. Бирок алар жоголду. 3-кластан баштап ата-энемден алыс, жатак мектепте окугандыктан, айылга жана үй-бүлөмө болгон куса менен өзүнчө ырдап, окшоштуруп ыр жазып жүрчүмүн. Ошентип 1988-жылы журналга чыга тургандай ырларды жазып, акындык жагына ооп калдым.

- Кыргыз маданиятын Түркияда таанытуу ишине кантип киришип калдыңыз?

- 1988-жылдан бери адабиятка аралашып келем. Ошол жылдарда ыр жазып, 10-класта окуп жүргөн досторубуз менен бирге Кахраманмараш шаарында «Түрк ожагы» (Түрк очогу» деген басылма чыгарчубуз. Кыргызстанга келгенден кийин бир топ кыргызча китептерди окуп, бара-бара күйөрман болуп калдым. 1994-жылы кыргыз тилиндеги алгачкы ырымды жаздым. Гезит жана журналдарга макала, ыр которо баштадым. Ошентип Кыргызстан жана Түркия адабияттары мен үчүн колумдагы 2 алтын казына болуп калды. Түркияга кайткандан кийин айрым себептерге байланыштуу, бир нече жыл адабий иштеримди токтоткон болчумун. Бирок колго калем кармабай жүргөн күндөр жүрөктү өксүтө бергенин байкап эле жүрчүмүн. Анан тааныштар «кыргыз адабиятында Чыңгыз Айтматов сымал башка адабиятчы барбы?» деп сурай беришчү. Демек кыргыз адабиятын Түркияга таанытуу ишине киришим керек экен деп чечтим. Ошентип кыргыз элине карызымды төлөй алам деп ойлоп, которуу ишине кайра кириштим. Бул жааттагы көптөгөн эмгектерим (ыр, аңгеме, которуу) ушул күнгө чейин Кыргызстанда «Шоокум», «Ата Журт», «Ысык-Көл кабарлары», «Ачык сөз», «Заман Кыргызстан», «Тил жана адабият», «Баластан» жана «Жаңы Ала-Тоо» сымал гезит-журналдарда, Түркияда болсо «Ажеми», «Алкыш», «АЗ Эдебият», «Бержесте», «Да, Дилхане», «Догу Эдебияты», «Эдебдаг», «Гонжа», «Хеже», «Икинди Ягмуру», «Карделен», «Кардеш калемлер», «Кушлук Вакти», «Пойраз» сыктуу журналдарда окурмандардын колуна тийди.

- Ушуга чейин жарык көргөн чыгармаларыңыз, эмгектериңиз тууралуу айта кетсеңиз?

- Жеке чыгармалары «Tanrı Dağlarının Yankısı» (Теңир-Тоо жаңырыктары - Кыргызстан жөнүндө түркчө эскерүүлөр), «Алыкулдун изи менен» (Кыргызча ырлар жыйнагы).
Түрк тилине которгондорум:

- Кыргыз эл акыны Т.Сатылгановдун ырлары;

- Тандалган кыргыз аңгемелер жыйнагы(20 жазуучунун чыгармалары);

- Тандалган кыргыз ырлар жыйнагы (25 акындын чыгармалары);

- Керимбек Кадыракунов (Көл жана Куу тандалма ырлар);

- Омор Султанов (Чарчоонун ырлары);

- Бактыбек Максүтов (Үркүн кандуу кыргын);

- Арслан Койчиев (Чыңгыз хандын жоголгон дептери). Мындан башка дагы көптөгөн китептерди, чыгармаларды которгом.

- Жасап жаткан иштериңиз боюнча дагы кандай пландарыңыз бар?

- Мен которгон чыгармалардын саны деңизден бир кашык суу алууга гана барабар деп ойлойм. Буйруса дагы чоң-чоң пландар бар. Мисалы Аалы Токомбаевдин, Сүйүнбай Эралиевдин, Алыкул Осмоновдун ыр китеплери, Чыңгыз Айтматовдун чакан сөздөрүнөн турган китеп, Айдарбек Сарманбет жана Турусбек Мадылбайдын аңгемелер китептери басууга даяр бойдон турат. Кыргыз акындары жана жазуучуларынын чыгармаларынан турган дагы 2 жыйнак даярдап, бир тобун бүтүрдүм. Бир нече адабиятчы менен маек уюштуруп, Түркияда журналдарга чыгаргам. Аларды китеп кылсам деген оюм бар. «Манастын» Саякбай, Жусуп Мамай жана башкалардын варианттарын которсом деген оюм бар. Түркиялык адабиятчылардын чыгармаларынан которуп келчүмүн. Аларды китеп кылып чыгарсам деп оюм бар. Өзүмдүн жеке чыгармачылык ишимди улантам. Обон чыгарылган ырларымды кыргызстандык ырчылар ырдаса деген оюм бар. Азыр эсимде калган пландар ушулар.

- Сиздин эң биринчи ийгилигиңиз? Жетишкен ийгиликтериңиз тууралуу эмнелерди айтар элеңиз?

-Адам баласы талыкпай эмгектенсе бүгүн болбосо да эртен ийгиликтер жарала берет. Бирок ийгиликке жетип, мансап табам деген ой менен иштебеш керек. Мен да, ушул ойдун тегерегинде иштей бердим. Биринчи ийгилик катары 10-класста жүргөндө ырларымдын жарык көрө башташы, мен үчүн адабиятка жасаган биринчи кадамым болгону ийгилик деп эсептейм. Андан да өйдө турган ийгилик - бул кыргыз тилин өздөштүрүп, Хусейин Карасаев ата менен Чыңгыз Айтматов менен жана башка аксакал кыргыз адабиятчылары менен таанышуума шарт түзүлүшү деп эсептейм. Ошол эмгектенүүлөрдүн натыйжасында, университетте окуп жүргөндө бир нече сыйлыктарды алууга үлгүрдүм. Ошондой эле Кыргызстанда ондогон сыйлыктарга ээ болдум. Эмгекти эл бааласа эң чоң сыйлык ошол деп эсептейм.

- Кыргыз акын-жазуучуларынан кимдин чыгармаларын жогору баалайсыз?

-Ар бир акын жазуучунун өзүнө таандык ыкмасы, алдыга чыккан чыгармалары болот эмеспи. Мен көптөгөн акын-жазуучулардын чыгармаларын окуп, арасынан бир нечесин которгон адам жана окурман катары баардык Кыргыз адабиятчыларын барктайм. Бирок Чынгыз Айтматовду эсептебегенде, жазуучулардан Төлөгөн Касымбеков, Түгөлбай Сыдыкбеков, Мурза Гапаров, Шүкүрбек Бейшеналиев, Жунай Мавляновдун чыгармаларын, азыркы жазуучулардан Султан Раев, Айдарбек Сарманбет, Арслан Койчиев жана башкалардын чыгармаларын алдыда деп ойлойм. Ал эми акындардан болсо, А.Осмонов, А.Токомбаев, С.Эралиев, О.Султанов, Б.Сарногоев жана башка акындардын чыгармаларын өзгөчө жактырам.

- Кыргыз маданиятын дүйнөгө татыктуу түрдө таанытуу үчүн эмнелер жасалыш керек деп ойлойсуз?

- Кез-кезде кыргыз достор менен кабарлашып калганда кыргызстандык тигил же бул маданият жаатында эмгектенип келе жаткан адамдарынын дүйнөнүн ар кайсы мамлекетине барып келгенин угуп калабыз. Демек кыргыздар өзүлөрүнүн маданиятын таанытуу боюнча көптөгөн эмгектерди жумшап келе жатышканын көрөбүз. Албетте булар эч качан жетет деп айта албайбыз. Себеби кыргыз маданияты океан болсо, аны таанытууга жумшалган эмгек арыктын суусундай эле болуп калат. Чет мамлекеттердеги фестиваль жана көргөзмөлөргө катышуу Кыргызстанда ар кайсы тема менен фестиваль же көргөзмөлөрдү уюштуруу иштери пландалып ишке ашырылууда. Жанагы Көчмөндөр оюндары эң маанилүү мисалдардын бири болуш керек. Мисалы биз жакта Ысык-Көлдү анча билишпейт. Бир мамлекеттин маданиятын жакшылап көрүү жана аны менен таанышуу үчүн эн ыңгайлуу жол ошол мамлелекетке баруу. Демек кыргыз туугандар чет элдик туристтерди Кыргызстанга алып келе алышса маданиятты таанытууга да шарт түзүлөт эле. Дагы бир айта кетчү нерсе кыргыздардын Манас жана Айтматов сымал эки залкар адамы бар. Алар менен байланыштуу эл аралык сыйлыктар, фестиваль же конферанцияларды уюштурса жылына чет мамлекеттен адамдарды чакырып, жыйналыштар өткөрсө да болмок. Мен ойлойм боордош кыргыз эли бара-бара бүт ушуга окшогон зор иштерди аткарып, дүйнөнүн эң алдыңкы мамлекеттеринен бирине айланат.

- Жакын арада биринчи жолу Кыргызча ырлардан турган китебиңиз чыкканын билебиз. Анын «Алыкулдун изи менен» деп аталышынын себебин айтып бересизби.

-Алыкул Осмоновдун өмүрү кыска болгон менен, кыргыз адабиятынын классик акындарынын бири болууга жетишкен акын экенин билебиз. Мен көптөгөн акындардын ырлары менен тааныштым. Мага анын ырлары өзгөчө жакты. Өзүмө устат катары аны тандадым. Мен ушул китебимди Алыкулга арнап, анын ысымы менен атоону туура көрдүм.

- Ыр китебиңиз канча ырдан турат?

- Китебимде кыргызча 68, түркчө 1 ыр бар. Жасалгасын Түркияда даярдаттым. Сүрөттөрү бар. Баардык жагынан өзгөчө китеп болду деп ойлойм.

- Сатыкка чыгабы?

- Албетте сатыкка коюлат. Аны кийинчерээк айтабыз. Баасы чөнтөктү кыйнабай тургандай болот. Айта кетчү нерсе башынан бери бир китеп чыгарсам, аны саткандан түшкөн акчаны, кайрымдуулук иштерине колдоном деп ойлочумун. Буйруса кыргызстандык окурмандардын аркасы менен ушул оюмду ишке ашыра алсам мен үчүн дагы бир ийгилик болмок. Ошондуктан окурмандардан колдоо күтөм.

- Эми сиздин кесибиңиз мугалимдик болгон соң бул жагына токтолсок. Мугалимдикти эмне себеп менен тандадыңыз?

- Ар бир адамдын бала кезинен баштап туу туткан, кыялына катып койгон ойлору болот эмеспи. Мен да бала кезде, мугалим болуп балдарды окутам деп кыялданчумун. Табиятты, жаратылышты жакшы көрчүмүн. Ошентип, чоңойгондо мугалим болдум. Болгондо да жаратылышты окуткан география мугалими болдум. Чынын айтканда адамдар менен өзгөчө балдар менен иштешүү, аларга сабактан тышкары тарбиялык мааниси бар бир нерселерди үйрөтүү өзүнчө кыйын иш. Бирок эмгектин талаада калбаганына күбө болгондо иш убагындагы чарчоо сезими жок болуп кетет.

- Мугалимдердин башынан сөзсүз түрдө кызыктуу окуялар өтөт эмеспи. Сиз сабак беруу учурунда болгон кызыктуу окуялардан айтып берсеңиз.

- Мугалимдик иш - күн сайын жаңы үмүттөр менен бир элдин келечегине салым кошуу иши. Бул кесип аркылуу ошол ыйык милдетти аткарып жаткан учурда сөзсүз түрдө ар бир күндө кызыктуу окуага туш келет экенсиз. Менин да башыман көптөгөн кызыктуу окуялар өткөн. Окурмандарды кыйнабаш үчүн бирине гана токтолоюн. Түркияга баргандан кийин мугалим болуп иштей баштадым. Алгачкы жолу иштеп жаткандыктан Түркиянын системасына көнөм деп кыйналчумун. Бир күнү, мүдүр мени бөлмөсүнө чакырып, «окуучулар сенин үстүңдөн арызданып жатышат» деди. Мен «агай, менин абалымды билесиз, биринчи жолу иштеп жаткандыктан темаларды жакшы бере албай калышым мүмкүн» деп, окуучулардын кайсыл маселе боюнча арызданышканын сурадым. Мүдүр «сиз сабак учурунда окуучулар түшүнбөгөн сөздөрдү колдонот экенсиз» деди. Мен, ошондо байкасам, балдарга сабак өтөм деп, түрк тилине кыргызча, орусча сөздөрдү аралаштырып жиберет экенмин. Себеби ага чейин 7 жыл Кыргызстанда жашган болчумун да. Мүдүргө, абалымды түшүндүрүп, окуучуларга да бир сыйра эскертип, андан кийин сабактарда толугу менен түркчө сүйлөөгө аракет кылдым. Бирок кийин деле, кээде кыргызча, орусча кошуп сүйлөгөн учурлар болчу.

- Маектин аягында окурмандарына кандай каалоо-тилектериңиз бар?

- Кыргыз адабияты - оозеки тил маданиятына таянган адабият. Жазма адабиятка толук түрдө негизинен СССР убагында өткөнүн билебиз. Ушундай болгон менен кыска мөөнөттө дүйнөлүк денгээлдеги чыгармаларды жаратууга жетише алган. Анын эң биринчи өкүлү ыраматылык Чыңгыз Айтматов агай эле. Кыргыз калкынын руханий байлыктарын тааныта билген акын жана жазуучулардын бар экенин билүүбүз керек. Ошондуктан Чыңгыз агайдын жолун улаган дагы бир нече адабий чыгармаларды түркиялык окурмандарга жеткизе аламбы деген мүдөө менен кыргызча чыгармаларды түркчөгө которуу ишин жүргүзүп келем. Сиз аркылуу Кыргызстандын калкына баардык жакшылыктарды кааламакчымын.

- Ибрахим агай бизге убакыт бөлүп маек куруп бергениңиз үчүн чоң рахмат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×