Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Ысык-Көл
ŕQkPÅ!`ۤ[.]'5$k.,kJ9uE/> 2Du햁 ?7u@Z77瞛H.iKVy{k)jqkN=䅡jK_}SdENEL{ͳ XjI[ÆvCO[+N÷ eR՚rI;/rI!&z5>nkXw*rI3tRd,\u~ZêTzM}63Ua*pڦ,=%`Qv&Y(n,Qv (iu{=pH># G^Dv)תLyئCA1}EOGԣc ٔ(/0]K{^ѡl1E)"xQԗM z1ٗBn`Bba.mmp";rqh@7mB S5u*a ZI٣uYr[m_#[`O} ~r-\89š~BpL@$1 #<4/ϐyc˚ܕ27f. Nƙ?Wu > uGE}6 I9iAwZ>gQ|0˜afLj .a.zG|E\XDySrAMH60|%{MÇaT##ՙ@.:P`S$·^+1忒M~}e

Караколдогу бир нече жетекчиге дисциплинардык чара колдонуу сунушталды (тизме)

Turmush -  Каракол шаарында жыл жыйынтыгы чыгарылып, кеңейтилген аппараттык кеңешме өттү. Анын жыйынтыгы менен бир нече жетекчилерге дисциплинардык чара колдонуу сунушталды, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Дисциплинардык чара колдонуу сунушталган жетекчилердин тизмеси:

1. 2017-жыл ичинде шаардык мэриянын кеңейтилген аппараттык 25 кеңешмесинин бешөөнө катышып, 2 жолу белгисиз себептер менен катышпагандыгы, 18 жолу орун басарларын жибергени жана Каракол шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2017-жылдын жыйынтыгы жана 2018-жылга коюлуучу милдеттери жөнүндө жыйынга да белгисиз себептерден келбегени эске алынып, Каракол шаарынын салык башкармалыгынын башчысы Майрамбек Молдобековго дисциплинардык чара көрүү Мамлекеттик салык кызматынын жетекчисине сунушталды;

2. 2017-жылы өсүү темпин аткарбаганы жана 2017-жылы абоненттерди көбөйтүү боюнча тапшырманы аткарбагандыгын белгилеп, «Жылуулук» коммуналдык ишканасынын башчысы Камчы Токбаевге дисциплинардык чара берүү «Кыргыз жылуулук энерго» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигине сунушталсын;

3. 2017-жылда Каракол шаарынын мэриясы тарабынан берилген тапшырмаларды өз убагында аткарбагандыгы жана сапатсыз аткаргандыгы, лотокторду салуу боюнча тапшырманы толук аягына чыкпагандыгы белгиленип, 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгында «Жашылдандыруу чарбасы» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Улан Ишенбиевдин ишинин натыйжалуулугу каралсын;

4. 2017-жылы архитектура башкармалыгы кетирген кемчиликтер, ошондой эле 2017-жыл ичинде Каракол шаарынын мэриясынын 25 кеңейтилген кеңешмесине 4 жолу катышып, 3 жолу белгисиз себептер менен катышпаганы жана 18 жолу орун басарын жибергени эске алынып, Өкмөткө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине Мурат Токоевге дициплинардык чара берүү сунушталсын;

5. Каракол шаарындагы мал союучу жайлардын санитардык талаптарга жооп бербегени, ири мүйүздүү малдарды идентификациялоо боюнча иштерди өз убагында жана сапаттуу уюштурбаганы, кетирген кемчиликтери жана 2017-жыл ичинде Каракол мэриясынын 25 жолку кеңейтилген аппараттык жыйынына 6 жолу белгисиз себептер менен катышпаганы эске алынып, Каракол шаарынын ветеринардык башкармалыгынын башчысы К.Асанбаевдин кызматтык ордуна дал келүүсү тууралуу сунуш Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгына жиберилси;

6. 2017-жыл ичинде Каракол шаарынын мэриясынын 25 жолку кеңейтилген аппараттык кеңешмесине 3 жолу гана катышып, 2 жолу белгисиз себептен келбегендиги, 20 жолу орун басарын жибергендиги жана Каракол шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүшү боюнча 2017-жылдын жыйынтыгы жана 2018-жылга милдеттерин караган жыйынга белгисиз себеп менен катышпаганы эске алынып, Каракол шаардык социалдык фонд башкармалыгынын башчысы Р.Акымбаевге дисциплинардык чара берүү Социалдык фондуна сунушталсын;

7. 2017-жыл ичинде Каракол шаарынын мэриясынын 25 жолку кеңейтилген аппараттык кеңешмесине 11 жолу катышып, 3 жолу белгисиз себептер менен катышпагандыгы жана 11 жолу орун басарын жибергени эске алып, ӨКМге Каракол шаардык өзгөчө кырдаалдар жана өрткө каршы бөлүм башчысы Нурбек Балкияевге дисциплинардык чара берүү сунушталсын.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1176
Көп окулду
×