Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-февраль
Ысык-Көл

Караколдо кызмат учурунда каза болгон милиционерлердин элесине арналган мелдеш өттү

Turmush -  Бүгүн, 2-февралда Каракол шаарында футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү, деп билдирди аймактык кабарчы. Маалым болгондой, мелдеш Тоң районунда кызмат учурунда жол кырсыгынан каза болгон 5 милиция кызматкеринин жаркын элесине арналган.

Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз катчысы С.Усубакуновдун айтымында, мелдешке катышууга облустун райондорунан бирден команда келишкен.

«Мелдеш кызмат учурунда каза болгон кызматкерлерди эскерүү менен тартип сакчыларынын арасындагы ынтымакты бекемдөө максатында өтүп жатат. Мелдештин соңунда жеңүүчү командаларга сыйлыктар тапшырылат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 489
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×