Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Ысык-Көл

Караколдо 5 миңдей адам жашаган кичи райондо таза суу өчүрүлдү

Turmush -  Каракол шаарынын Восход кичи районунда сууктан улам жер алдындагы түтүктөр жарылып, тургундар суусуз калды.

Маалым болгондой, 2-февралга караган түнү аталган кичи райондогу №3 көп кабаттуу үйдүн жер алдындагы суу түтүгү тоңуп, андан кийин жарылып кеткен. «Жер алдындагы түтүктөгү суу тоңуп калган. Учурда ал жерде «Сууканал» ишканасынын адистери иштеп жатат. Тургундар бүгүн түштөн кийин суу менен камсыз болот», - деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.

Окуянын кесепетин жоюу үчүн 20дан ашык көп кабаттуу үйдө жана жакын жайгашкан үйлөрдө таза суу өчүрүлдү. Восход кичи районунда 1 миң 140 батир бар. Ал жерде 5000ге жакын адам жашайт.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 886
×