Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-февраль
Ысык-Көл

Караколдун мектептерине интерактивдүү такта алынат

Turmush -  Каракол шаарындагы 10 мектепке интерактивдүү такта алуу маселеси каралууда, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Бул маселени шаардык кеңештин комиссиясы колдоого алып, 2018-жылдын бюджетинен каражат бөлүү сунушталды. Эми 10 мектептин ар бирине бирден интерактивдүү такта алынат.

Бул маселе боюнча эки вариант сунушталууда. Биринчиси — жергиликтүү бюджеттен 2 млн 257 миң 670 сом кароо болсо, экинчиси — 1 млн 532 миң 750 сом бөлүү. Учурда бул маселе талкууланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 377
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×