Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Ысык-Көл

Караколдун бала бакчаларына кир жуугуч машина алууга 700 миң сомдон ашык каражат берилет

Turmush -  Каракол шаарындагы 13 бала бакчанын ар бирине кир жуугуч автомат машина сатып берүүнү жергиликтүү бийликтен шаардык билим берүү бөлүмү суранууда. Бул тууралуу шаардык кеңештен билдиришти.

Маалыматка караганда, бир кир жуугуч машинанын баасы болжол менен 58 миң 700 сом болот. Ал 12 кг кирди жууганга ылайыкталган. Аларды сатып алуу үчүн тендер жарыяланып, баасы аныкталат. Ага жалпы 763 миң 100 сом бөлүү зарыл.

Бул өтүнүчтү шаардык кеңештин билим берүү комиссиясы карап, сессияда сунушташты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 928
×